Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Тойдогу куралчан жоокерлер Коргоо министрлигинин аскерлери эмес
11.11.2023 | 11:47
“Кыз узатуу” тоюна курал кармап, атайын кызматтын кийимин кийип келген жоокерлер жана аскер кийимчен күйөө бала Коргоо министрлигинде кызмат өтөбөйт. Бул тууралуу мекеме бүгүн билдирүү таратты.
Белгилей кетсек, тойдун видеосу социалдык тармакта таркаган. Анда куралчан жигиттер “Кыз узатууга” келген күйөө баланы коштоп керишкен.
Интернет колдонуучулар аскерлер уставды бузганын айтып, аларды жоопко тартууну талап кылышууда.
Күйөө бала кайсы аскер мекемесинде кызмат өтөрү азырынча белгисиз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом