Күзгү жалбырактарды эмнеге өрттөгөнгө болбойт?

Күзгү жалбырактарды эмнеге өрттөгөнгө болбойт?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күзгү жалбырактарды өрттөгөндөргө айыппул каралганын эскертти.

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-пунктуна ылайык жалбырактарды таштоо, өрттөө үчүн жарандарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга – 23 миң сом айыппул салынат.

Жалбыртын түтүнү абаны булгап, аны менен дем алган адамда рак оорусун пайда кылышы мүмкүн.

«Бул кадам адам өмүрүнө зыяндуу. Жаз, жай айларында көмүр кычкыл газын жана ар кандай заттарды, түтүн-ышты өзүнө сиңирет. Мындай заттарды сиңирип алган жалбырактын түтүнү абаны булгап, экологияга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүндүгүн жана анын түтүнү адамдарда рак ооруларын алып келерин дүйнө окумуштуулары айтып келет. Демек, биз жалбырактардын түтүнү аркылуу зыяндуу заттарды дем алып жатабыз», — дейт ӨКМ.

Андыктан жалбырактарды өрттөгөнгө шашпай, топуракка көмүп коюу сунушталат. Жаз алды менен чириндиге айланып, өсүмдүктөргө пайдалуу азык болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>