Кыргызстандык спортчулар Италиядагы кышкы Олимпиада оюндарында кандай жыйынтык көрсөтүүдөКР Саламаттык сактоо министрлиги Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсүн чет өлкөлүк ординатурада окууга жөнөтөт16-февраль: Күн ачык болотБишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди
Токмокко тойго барып 174 киши ууланган. Уулануунун себеби аныкталды
10.07.2019 | 09:39
Чүй облусундагы Токмокко тойго барган 174 киши массалык түрдө ууланып, ооруканага кайрылышкан. Уулануунун себеби аныкталды.
Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы менен ууланууга сальмонеллез инфекциясы себеп болгон.
Токмоктогу «Мегаполис» ресторанында өткөн үлпөт тойго жалпы 256 киши чакырылган. Алардын 174 ууланып ооруканага кайрылып, 78и жаткырылган. Азыркы учурда уулангандардын 10 дагы деле ооруканада дарыланышууда.
Аталган ресторан кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды. Мындай чечим Токмок санэпидемстанциясы тарабынан чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар