Армения ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратылды — бул Ереван үчүн эмнени түшүндүрөт?Бишкекте курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалдыНарын облусунда эки ашуу жана бир жол тилкеси жазга чейин жабылдыУКМК ишкерден акча талап кылууга шектелген эки адамды кармадыКыргызстанда ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча бирдиктүү стандарт иштелип чыктыМосквада Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту
Токмокко тойго барып 174 киши ууланган. Уулануунун себеби аныкталды
10.07.2019 | 09:39
Чүй облусундагы Токмокко тойго барган 174 киши массалык түрдө ууланып, ооруканага кайрылышкан. Уулануунун себеби аныкталды.
Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы менен ууланууга сальмонеллез инфекциясы себеп болгон.
Токмоктогу «Мегаполис» ресторанында өткөн үлпөт тойго жалпы 256 киши чакырылган. Алардын 174 ууланып ооруканага кайрылып, 78и жаткырылган. Азыркы учурда уулангандардын 10 дагы деле ооруканада дарыланышууда.
Аталган ресторан кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды. Мындай чечим Токмок санэпидемстанциясы тарабынан чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар