Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 840тан ашуун адам тартылдыУлуу Британия социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн түнкү чектөөлөрдү киргизетКыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилдиНарын облусунда мыйзамсыз балык уулаган Кытай жарандары Кыргызстандан чыгарылдыШКУ өлкөлөрүнүн артисттери Чолпон-Атада гала-концерт беришетМанас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин проректору кармалды — УКМК
Ош-Бишкек жолундагы унаа кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды (фото)
10.07.2019 | 09:37
Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 6 адам жаракат алганын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык 9-июль күнү саат 15:30 чамасында, Кара-Көл шаарында болгон.
Анда ” Фольксваген” автоунаасы менен “Рено” жүк ташуучу автоунаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен “Фольксваген” унаасындагы 66 жана 64 жаштагы эки адам каза болуп, 6 адам ар кандай жаракаттарды алып оруканага жеткирилген.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын себептери иликтенип жатат.
Рубрики: Окуялар