Бишкекте тоолуу дистанциялар боюнча ачык чемпионат өтөтӨзбекстанда инфляция февраль айынын жыйынтыгы боюнча 7,3%ды түздү — ЕӨБдүн маалыматыКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өттү: реформаны жарандардын 86 пайыздан ашыгы колдодуКыргызстан менен ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш планды бекитишти2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык үй-бүлө МИК аркылуу турак жай менен камсыз болотОрто-Токой суу сактагычына 1,2 млн балык чабагы коё берилди
Токтогул суу сактагычы акырындан толо баштады
26.03.2025 | 11:33
Бүгүн, 26-мартка карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд 425 млн куб метр суу бар. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында айтылат.
Суу сактагычка секундасына 423 куб метр суу агып кирип, 310 куб метр агып чыгуда. Токтогул суу сактагычы акырындан толо баштады десе болот. Себеби дээрлик эки апта мурда, 11-мартта Токтогул суу сактагычында 8 млрд 386 млн куб метр суу болгон. Суу сактагычка 203 куб метр суу агып кирип, 316 куб метр суу агып чыгып жаткан.
Былтыр 26-мартта суу сактагычта 7 млрд 208 млн куб метр суу болгон. 297 куб метр агып кирип, 189 куб метр агып чыгып турган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом