Тажрыйба алмашуу, каттамдарды өнүктүрүү: «Манас» жана «TRIWO Hahn» аэропорттору кызматташатБорбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаны алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулат
Токтогул суу сактагычы акырындан толо баштады
26.03.2025 | 11:33
Бүгүн, 26-мартка карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд 425 млн куб метр суу бар. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында айтылат.
Суу сактагычка секундасына 423 куб метр суу агып кирип, 310 куб метр агып чыгуда. Токтогул суу сактагычы акырындан толо баштады десе болот. Себеби дээрлик эки апта мурда, 11-мартта Токтогул суу сактагычында 8 млрд 386 млн куб метр суу болгон. Суу сактагычка 203 куб метр суу агып кирип, 316 куб метр суу агып чыгып жаткан.
Былтыр 26-мартта суу сактагычта 7 млрд 208 млн куб метр суу болгон. 297 куб метр агып кирип, 189 куб метр агып чыгып турган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом