Токтогулда 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «үй-бүлөгө көмөк» социалдык долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр чакан ишкерчилик менен алектенишүүдө.
Акимчиликтен маалымдашкандай, Токтогул районунун акими А.Тюкебаев , Токтогул райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Г.Досматова болуп, Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү “Социалдык келишимдин” негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө барып, берилген акча каражатынын кандай пайдаланып жатканы менен таанышып чыкты.
Социалдык жардам алган жарандар негизинен мал чарбасын өнүктүрүүгө, кийим тигүүгө, кожогат өстүрүүгө басым жасашкан.
[image_carousel source=”media: 189939,189940,189941,189942,189943,189944,189945,189946,189947″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз