Жарандарга жеңилдетилген шартта лизинг берүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Жарандарга жеңилдетилген шартта лизинг берүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында “Айрым мыйзам актыларына (КР Жарандык кодексине, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө” КР Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору депутаттар Арсланбек Малиев жана Айбек Маткеримов тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору өлкөдө лизингди өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Жеке жактарга лизингге унаа жана мото-транспорт алууга мүмкүнчүлүк түзүү жолу менен каржылык тейлөөнү кеңейтүү, ошондой эле лизинг базарынын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзүү – тактап айтканда, камсыздоочуларды көбөйтүү, дилердик тармактарды кеңейтүү, тейлөө көрсөтүүчү компанияларды ачуу, камсыздандырууну жакшыртуу максатын көздөйт.

Демилгечи депутаттардын бири Арсланбек Малиев белгилегендей, жеке жактарга лизинг берүүдө бир нече артыкчылыктар каралууда. Маселен, лизинг алууда кошумча күрөө коюлбайт; узак мөөнөттүү каржылоо болот; авто-кредит же керектөөчү кредиттен айырмаланып, пайыздык чени да төмөн болору айтылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>