Токтонасыров: Мага козголгон кылмыш иш башынан эле жалаа жабуу болчу

Токтонасыров: Мага козголгон кылмыш иш башынан эле жалаа жабуу болчу

Бүгүн, 19-июнда Биринчи май райондук соту Илязбек Тажыбаев укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго өкүм чыгарды.

Соттук отурумдун башында Токтонасыровго акыркы сөз берилди. Ал өз сөзүндө расалык, этностук, улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөрдү жасабагынан айтып, күнөөсү жок экенин билдирди.

«Мага козголгон кылмыш иш башынан эле жалаа жабуу болчу. Тиги тараптагылардын негизги максаты менин жарандык автивист, укук коргоочу катары ишиме бут тосуу болгон. Токтонасыров көнүмүш адатына салып, ар кайсы маселелер боюнча өкмөт үйү көздөй чуркабасын, мунун жаагын жабыш керек деген аракет болгон. Бул өтө туура эмес. Менин укугумду бузуу деп эсептейм. Эмне үчүн Кыргызстандын эркин жараны катары мени ойлондурган маселелер боюнча ой-пикиримди айтууга тыюу салышат?!», — деди ал.

Токтонасыров акыркы сөзүн сүйлөгөндөн кийин сот Илязбек Тажыбаев кеңешме бөлмөсүнө барып келип, укук коргоочуга чыгарган өкүмдү угузду. Сот Токтонасыровду 330-берененин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттар аралык кастыкты козутуу) боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң айыппул салды. Ошондой эле айыпталуучу соттун өкүмү меен макул болбосо, Бишкек шаардык сотуна 30 күндүн ичинде апелляция менен кайрылууга укугу бар экен билдирди.

Укук коргоочу өкүм угузулгандан кийин журналисттерге комментарий берип, Кыргызстанда соттор дагы деле көз каранды экенин айтты.

«Соттун чечими менен макул эмесмин. Мен күнөөлүү эмесмин. Кечээ мамлекеттик айыптоочу 3 жылга абакка кесүүнү сураган. Бүгүн сот 100 миң сом айыпка жыкты. Мен кайсы күнөөм үчүн акча (айыппул – ред.) төлөшүм керек?! Эми жогорку инстанцияга кайрылам. Кыргызстанда дагы деле адилетсиздик өкүм сүрүүдө. Соттор көз каранды. Сот акыйкат чечим чыгарса болмок», — деди Токтонасыров.

Токтонасыров

«Соттун чечими менин жарандык позицияма байланыштуу деп эсептейм. Менин укук коргоочулук ишиме бут тосуу катары көрөм.

Алардын баамында мен адамдарды митинг, пикетке чакырган жол башточу экем. Өз ой-пикириңди эркин айта албасаң, Кыргызстанды кантип эркин мамлекет деп айтабыз? Мен өзүм жалгыз (пикетке — ред.) чыккан күндө дагы, ал менин конституциялык укугум. Айтып, дейм. Кудай ооз, колду эмне  үчүн берген? Жазсың, айтсың, десин деген. Булар колдонуп жаткан ыкма авторитардык режимдеги, өзү хан болуп алган мамлекетке тиешелүү иш-аракеттер», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 30-июнда болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду Чүйдүн Лесное айылындагы үйүнөн ак жигулиге салып кеткен. Кийинчерээк алар милиция кызматкери экени, Токтонасыров ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, кайра кое берилгени белгилүү болгон.

ИИМ Өндүрүш Токтонасыровго «Фейсбуктагы» билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

Өндүрүш Токтонасыров учурда 65 жашта. Ал укук коргоочу, жарандык активист катары таанымал. Өлкөдө жана дүйнөдө болгон окуяларга кайдыгер болбой, жарандык позициясын ачык билдирип келет. Токтонасыров өткөргөн акциялар өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Кылмыш иши козголгонго чейин ал Украинадагы согуш, Кемпир-Абад иши жана башка маселелер боюнча сын-пикирин байма-бай айтып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>