Дастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду
Тоңдо жетекчи жок айдоочусуна айлык чегерип келген
30.04.2024 | 12:21
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын мурдагы башчысы К.А.К. кармалып, 2 айга камалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион сомдон ашуун акчаны максатсыз пайдаланууга жана уурдоого шектелүүдө.
Чиновник “Социалдык байланыш” чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик долбоордун алкагында, Тоң районунун беш жашоочусуна бир жолку финансылык жардамды мыйзамсыз алууга шарт түзүп берген.
К.А.К. кызматтык автоунаанын ижарасы жөнүндө жалган документтерди даярдап, иштебеген айдоочуга эмгек акы жана өргүү төлөмдөрү мыйзамсыз эсептеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом