Төрт жылда Кыргызстан менен Түркмөнстандын өз ара соодасы 1,8 эсеге өскөн

20.11.2026 | 09:56
За четыре года товарооборот между Кыргызстаном и Туркменистаном вырос в 1,8 раза — Новости Кыргызстана

2021–2025-жылдары Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,8 эсеге өскөн. Бул тууралуу 19-ноябрда Ашхабад шаарында өткөн кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйынында айтылды.

Отурум Кыргызстандын айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун жана Түркмөнстандын энергетика министри Аннагелди Сапаровдун жетекчилиги астында өткөн. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралган.

Тараптар акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү өскөнүн, келечекте да өз ара сооданы кеңейтүү аракеттерин күчөтүү зарылдыгын белгилешкен. Анын ичинде ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүү жана эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу каралган.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын баяндамалары угулган.

Scroll to Top