Прокуратура: 100 млн сомдук долбоордун көчөттөрүнүн 95%ы куурап калганТөрт жылда Кыргызстан менен Түркмөнстандын өз ара соодасы 1,8 эсеге өскөнАба ырайы: 20-ноябрда өлкөдө күн ачык болотПутин, Си Цзиньпин жана Трамп тынчтык жөнүндө декларация кабыл алышты: эмнелер тууралуу макулдашылдыБолоткан Баяке уулу Баткен районунун акими болуп дайындалдыПрокуратура: Жалал-Абад облусунда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия дайындалган
Прокуратура: 100 млн сомдук долбоордун көчөттөрүнүн 95%ы куурап калган
20.11.2026 | 10:02

Баткен облусунун Лейлек районунда «Жашыл чек ара» долбоору боюнча отургузулган көчөттөрдүн болжол менен 95%ы куурап калган. Долбоорго 100 млн 887,9 миң сом бөлүнгөн. Мындай маалыматты текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Ош экологиялык прокуратурасы келтирет.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, долбоор боюнча иштер толук көлөмдө аткарылган эмес. Көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөй, натыйжада алардын көпчүлүгү куурап калган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Башкы прокуратура