Путиндин Кремлде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүлөрү — негизгилери

12-ноябрда Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путиндин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана америкалык лидердин кеңешчиси Жаред Кушнер менен жолугушуусу өттү. Вашингтондун өкүлдөрү Москвага 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өткөн Орусия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин келишти.
Тараптар Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуунун келечегин, аймактык маселелерди, коопсуздук кепилдиктерин, гуманитардык демилгелерди жана мындан аркы сүйлөшүү жараянына Европа өлкөлөрүнүн катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Путиндин, Уиткоффтун жана Кушнердин негизги билдирүүлөрү — Reporter.kg топтомунда.
Владимир Путиндин билдирүүлөрү
Украинадагы чыр-чатакты токтотуу тууралуу
• Орусия украин тарап «боз аймактар» деп аталган маселени көтөрүп жатканын билет. Бирок Москва үчүн Украина менен чектешкен бир гана ажыратуу сызыгы бар — ал мамлекеттик чек ара.
• Аймактык маселе талкуулоонун предмети бойдон калууда. Ошол эле учурда Орусия үчүн аймактын өзү эмес, анда жашаган адамдар жана алардын өз баалуулуктарына ылайык жашоо мүмкүнчүлүгү маанилүүрөөк.
• Москва Украинадагы тынчтык убактылуу эмес, түбөлүктүү болушун каалайт.
• Украинанын аймагына чет элдик аскерлердин жайгаштырылышы Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет. Алар пайда болгон учурда Орусиянын Куралдуу күчтөрү үчүн мыйзамдуу бутага айланат.
• Орусия башынан эле Украинада чет элдик аскерлердин болушуна каршы чыгып келген. Европалык аскерлердин киргизилиши согуштун кайра башталышына алып келиши мүмкүн.
Гуманитардык маселелер боюнча
• Орусия менен Украинанын Херсон облусунун Алешки районунда гуманитардык кызматташуу боюнча оң тажрыйбасы бар.
• Путин Константиновкада ушундай эле гуманитардык миссияны уюштурууну жана эки өлкөнүн акыйкатчыларына бул маселени иштеп чыгууну тапшырууну сунуштады.
• Орусия президентинин ырастоосунда, Константиновка Орусиянын көзөмөлүндө турат жана ал гуманитардык операциянын коопсуздугун камсыздоого даяр. Ошону менен бирге ал аймакты миналардан тазалоо үчүн беш сутка талап кылынарын билдирди.
• Эгер Киев шаарды өзү көзөмөлдөйт деп эсептесе, анда украин тарап өз тарабынан гуманитардык миссиянын коопсуздугун камсыздашы керек.
• Константиновкада шаардан чыгып кетүүгө жардамга муктаж болгон 400–500гө жакын жай тургун калууда.
Ошондой эле Путин гуманитардык миссияны чагылдыруу үчүн чет элдик журналисттерди, анын ичинде америкалык ЖМКлардын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады. Орусиянын президенти Дональд Трампка орус-украин байланыштарын уюштургандыгы үчүн, ал эми АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка Алешкинин тегерегиндеги гуманитардык маселени чечүүгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Европа менен мамилелер жөнүндө
• Орусия Европа өлкөлөрү менен диалогго эч качан каршы болгон эмес. Путиндин айтымында, байланышты европалыктар өздөрү үзүшкөн.
• Москва Вашингтон европалык өнөктөштөрү менен алардын позициясын талкуулап, тынчтыкка умтулабы же согушту улантууну каалайбы — ошону тактап алуусуна көмөктөшсө дейт.
• Трамп Европадагы жаңы коопсуздук системасы жөнүндө макулдашууну сунуштоодо, бирок Европа өлкөлөрү бул демилгени азырынча кабыл албай жатышат.
• Москва үчүн Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөргө жана Европа мамлекеттеринин позициясына байланыштуу америкалык тараптын баалоолору маанилүү.
Стив Уиткоффтун билдирүүлөрү
• Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө Орусия менен Украинанын делегациялары натыйжалуу иштешти. Байланыштар жагымдуу маанайда өттү.
• Орусия менен Украинанын ортосунда күтүлүп жаткан туткундарды алмашуу чыр-чатакты жөнгө салуудагы жылыштан кабар берет.
• АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы чыр-чатакты мүмкүн болушунча тезирээк токтотууну өтө маанилүү деп эсептейт жана бул позициясын Путинге жеткирүүнү суранган.
• Вашингтон тынчтык келишимине жетишүү үчүн аракеттерин улантууда.
• Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөргө түздөн-түз катышкан жок, бирок анын жүрүшү тууралуу маалымат алып турушту.
• Америкалык тарап Путин менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Зеленскийге маалымат берүүгө ниеттенүүдө.
• АКШ европалык өнөктөштөрү менен континенттеги болочоктогу коопсуздук архитектурасын талкуулай баштады.
• Москвадагы байланыштардын жыйынтыгы боюнча Европа өлкөлөрүнүн катышуусунда Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын жарыялоого мүмкүн болот.
Жаред Кушнердин билдирүүлөрү
• Америкалык тараптын баамында, Европа мамлекеттери сүйлөшүүлөргө катышууга жана Украинадагы чыр-чатакты токтотууга кызыкдар.
• АКШ европалык өнөктөштөрү менен Европадагы болочоктогу коопсуздук архитектурасы маселелерин талкуулоого киришти.
• Путин менен сүйлөшүүлөр чыр-чатакты токтотуунун конкреттүү жолдорун талкуулоого мүмкүндүк берет.
• Абу-Дабидеги консультациялардын жыйынтыгы боюнча Орусия менен Украинанын ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер сакталып калууда, бирок тараптар белгилүү бир жылыштарга жетишти.
• Вашингтон бул байланыштардын натыйжаларын туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган кыйла кеңири көп тараптуу сүйлөшүүлөргө өтүү үчүн пайдаланууну көздөйт.
• АКШ Украина жана европалык өнөктөштөрү менен биргеликте Орусиянын президенти менен талкуулоо үчүн сунуштарды даярдады.
• Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн маанилүү жыйынтыктарынын бири катары ал Орусия менен Украинанын туткундарды масштабдуу алмашууну өткөрүү боюнча принципиалдуу макулдашуусун атады.
• Мындан аркы сүйлөшүүлөргө Европа өлкөлөрүнүн катышуусу макулдашууларга жетишүүнү тездетиши мүмкүн.
Анара Мамытова