Ысык-Көлдүн Түп районунун Ой-Тал айылында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 120 орунду бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, бала бакчага жаңы эмеректер сатып алынган.
«СССР убагынан калган эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөгө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 4 млн 530 миң сом жана эмеректерди алууга 2 млн 568 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле, өздүк салым катары Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миң сом берилген», — деп билдирет өкүлчүлүк.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз