Бишкекте баңгизат саткан интернет-дүкөндүн администратору кармалды (видео)

Бишкекте баңгизат саткан интернет-дүкөндүн администратору кармалды (видео)

Бишкекте баңгизат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызмат мессенжер аркылуу баңгизат саткан интернет-дүкөндүн ишине бөгөт коюу боюнча атайын операция жүргүзгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иш козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында интернет-дүкөндүн администратору аныкталып, 27 жаштагы Х.О. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан 5 кутуга салынган баңгизатка окшогон зат жана интернет дүкөндүн аккаунту бар телефон табылган. Экспертиза шектүүдөн табылган зат нашаа экенин көрсөткөн, анын салмагы 7,5 граммды түзгөн.

Шектүү соттун чечими менен №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Ошондой эле, кылмыш иштин алкагында шектүү жашаган үйдө тинтүү жүргүзүлүп, салмагы 105 грамм марихуана табылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>