Чүй облусунда жигит таксистти жарадар кылып, ооруканага жеткирип, унаасын айдап качып кеткен11-ноябрь: Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорго кар жаайтБаткенде сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Тургундар кооптонуп, президентке кайрылыштыКыргызстан менен Беларусь Минскиде алты кызматташтык документине кол коюштуБишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди
Түптө бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди
15.04.2023 | 12:43
Ысык-Көлдүн Түп районунун Ой-Тал айылында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 120 орунду бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, бала бакчага жаңы эмеректер сатып алынган.
“СССР убагынан калган эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөгө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 4 млн 530 миң сом жана эмеректерди алууга 2 млн 568 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле, өздүк салым катары Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миң сом берилген”, – деп билдирет өкүлчүлүк.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом