Токмок: Мал базарда үч адамды 612 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Токмок: Мал базарда үч адамды 612 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Чүйдүн Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга К.С. аттуу жаран кайрылып, 19-февралда Токмоктогу мал базарда С.С. аттуу чала тааныш адам ишенимине кирип, 282 миң сомдук 20 баш коюн алып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Ушундай эле арыз менен милицияга Ж.С. аттуу дагы бир жаран кайрылган. Анын айтымында, 19-февралда С.С. аттуу жаран «Мүрөк» мал базарында баасы 200 миң сом болгон 11 баш койду алдоо жолу менен алып алган.

Андан тышкары, милицияга үчүнчү жабырлануучу кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 12-февралда «Мүрөк» мал базарында С.С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен 130 миң сомдук 10 баш коюн алып алган.

Бул фактыларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында милиция шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, 33 жаштагы С.С. аттуу жаранды кармаган. Учурда ал камакка алынган.

Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка алдамчылык иштерине катыштыгы болушу мүмкүн болгондуктан, милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0312 60 73 63, 0703 00 80 07, 0553 96 58 10 же 102 номерлерине кайрылуусун суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>