1-июндан баштап Түркияга кирүүдө ПЦР же антиген анализинин жыйынтыгын көрсөтүү зарылчылыгы жок. Бул тууралуу РБК жазды.
Бир күн мурун өлкөдө ооруканаларды кошпогондо, коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу жоюлган.
«Кирүүгө 72 саат калганга чейин терс ПЦР тести же киргенден кийин 48 сааттын ичинде терс экспресс-антиген тести жөнүндө билдирүү талап кылынбайт», — деп билдирди республиканын Ички иштер министрлиги.
Министрлик мындай чечимди коронавирус боюнча учурдагы кырдаалга баа бергенден кийин кабыл алды.