КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Түркия өлкөгө кирүү үчүн ПЦР тесттерин жокко чыгарды
01.06.2022 | 10:36
1-июндан баштап Түркияга кирүүдө ПЦР же антиген анализинин жыйынтыгын көрсөтүү зарылчылыгы жок. Бул тууралуу РБК жазды.
Бир күн мурун өлкөдө ооруканаларды кошпогондо, коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу жоюлган.
«Кирүүгө 72 саат калганга чейин терс ПЦР тести же киргенден кийин 48 сааттын ичинде терс экспресс-антиген тести жөнүндө билдирүү талап кылынбайт», – деп билдирди республиканын Ички иштер министрлиги.
Министрлик мындай чечимди коронавирус боюнча учурдагы кырдаалга баа бергенден кийин кабыл алды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар