ЖКнын депутаттары Женева борборунун өкүлдөрү менен жолугушту

ЖКнын депутаттары Женева борборунун өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Эрбаев менен Карим Ханжеза Коопсуздук секторун башкаруу боюнча Женева борборунун (DCAF) Европа жана Борбордук Азия департаментинин коопсуздук секторун реформалоо боюнча улук кеңешчиси жана улук менеджери Гражвидас Ясутис жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар коопсуздук тармагын реформалоо, коопсуздук жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, мыйзамдуулукту камсыздоо жана адам укуктарын коргоо жаатындагы маселелерди талкуулашты. DCAFтын өкүлдөрү белгилегендей, Женевадагы Коопсуздук секторун башкаруу борбору эл аралык фонд болуп саналат, анын миссиясы эл аралык коомчулукка жана мамлекеттерге коопсуздук секторун туура башкарууну жана реформалоону камсыздоодо жардам көрсөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, DCAFтын Кеңешине 54 өлкөнүн 57 өкүлү мүчөлүк кылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>