Кыргызстанга БАЭнин экономика министри иш сапар менен келди

Кыргызстанга БАЭнин экономика министри иш сапар менен келди

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри иш сапары менен келди. Аны менен бирге БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын федерациясынын делегациясы жана БАЭ ишкерлери да келишти. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Абдулла бин Таук Аль-Марридин жолугушуусу болот. Ага Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жана Эмираттардан келген ишкерлер да катышат.

Ошондой эле кыргыз-эмират бизнес форумун өткөрүү пландалууда. Ал авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай сыяктуу тармактарда БАЭ жана Кыргызстандын алдыңкы компанияларын көрсөтөт. Анын ичинде Mazdar, Wizz Air Abu Dhabi, Foody World Foodstuff Trading, Corodex Industries, United Food Company, Royal Startegic Partners жана башкалар сыяктуу ири компаниялар.

Сапардын алкагында БАЭнин экономика министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен да жолугушат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>