УКМК абакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу тууралуу маалымат берди

14.12.2019 | 13:49

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, буга чейин 12-декабрда Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурум Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылган болчу.

Ал эми соттук отурум 17-декабрда Биринчи Май райондук сотунда уланат.

 

Scroll to Top