УКМК: Баткенде 3,7 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

УКМК: Баткенде 3,7 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Баткендин Сумбула (мурдагы Андарак) айылында 30 сотых жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жер мурда бала бакча үчүн жер болгон. Бирок ал 2005-жылы менчиктештирилип кетип, турак үй салынган.

Атайын кызмат аталган жер ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылганын кабарлады. Быйыл ал жерге бала бакча куруу паландалууда.

Жердин баасы 3 млн 750 миң сомду түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>