Мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулду
Эгиз балдарды тоноого шектелген эки жигит кармалды
14.01.2025 | 10:34
Оштун Кара-Суу районунда тоноого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 13-январда аларга эгиз балдардын атасы кайрылып, белгисиз адамдар 2009-жылы туулган уулдарынын РОСО М5 телефондорун тартып алганын билдирген.
Аталган факт боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликттөө иштеринин натыйжасында 14-январда шектүү катары 20 жаштагы М.И. жана Р.А. аттуу эки жаран кармалган.
Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.