УКМК депутат Келдибаевдин бир тууганын пара менен кармады —  сүрөт

УКМК депутат Келдибаевдин бир тууганын пара менен кармады —  сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы пара менен кармалды. Бул тууралуу “Репортерго” УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  бүгүн, 29-декабрда пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. 

Ал 48 жаштагы К.М.А. аттуу кызматкер Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылган.

Ошондой эле, УКМК кармалган кызматкер Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экенин тастыктады.

Учурда ыкчам — тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

[su_image_carousel source=»media: 53053,53052″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>