УКМК: Мыйзамсыз байыган Жогорку Соттун судьясы 70 млн сом төктү

УКМК: Мыйзамсыз байыган Жогорку Соттун судьясы 70 млн сом төктү

Мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалган Жогорку Соттун судьясы К.Осмоналиев атайын эсепке 70 миллион сом төктү.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө, К.Осмоналиев Жогорку Соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын судьясы болуп иштеп, жеке максаттарды көздөп, мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген чечимдерди кабыл алгандыгы аныкталган. Ал көптөгөн юридикалык объектилерге ээ болгон, алардын наркы анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашып кеткен. Тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 70 миллион сом кайтарып берген. Калган 44 миллион сомду 3 ай аралыгында төлөөгө милдеттендирилген. 20-мартта Биринчи Май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен чыгарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>