Социалдык фонддогу системалуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Социалдык фонддун кызмат адамдары «Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары» коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалымкаттарын пайдаланып, бир жолку кенемте төлөө үчүн деп бюджеттен ири өлчөмдө акча чыгарган схема уюштурганы аныкталган.
Шектүү катары фонддун Аудит башкармалыгынын башкы аудитору М.Б. кармалган.
Учурда бул схемага катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.