УКМКнын кызматкерлери Беловодск балдар мекемесинин тарбиялануучуларын куттукташты

01.06.2026 | 11:06
Балдарды майрамы менен куттуктоо

1- июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Чүйдөгү Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, балдарды куттукташты. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

УКМКнын Офицерлер жыйынынын кеңешинин атынан кызматкерлер балдарды майрамы менен куттуктап, аларга материалдык жана финансылык жардам көрсөтүштү. Атайын кызмат бул иш-чара өзгөчө көңүл бурууга муктаж балдарга майрамдык маанай тартуулоо жана колдоо көрсөтүү максатында жасалганын кошумчалады.

Маалымат үчүн: Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу мекеме. Анда майыптыктын оор формалары жана психоневрологиялык оорулары бар балдар туруктуу жашап, дарыланып жана социалдык жактан адаптацияланышат.

Теги: УКМК
Scroll to Top