Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

20.11.2026 | 12:25
Мирлан Урматов назначен акимом Кадамжайского района — Новости Кыргызстана

Мирлан Урматов Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 44 жаштагы Мирлан Урматов Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Түз айылында туулган. Ал юридика багытында жогорку билимге ээ жана экономика тармагы боюнча магистр даражасын алган.

Эмгек жолунда Ички иштер министрлигинде, кийин Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Гавриловка жана Кожомкул айыл аймактарынын айыл өкмөт башчысы кызматтарында иштеген. Ал эми 2025-жылдын октябрынан тарта Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Scroll to Top