Украинанын президенти коронавируска чалдыкты

Украинанын президенти коронавируска чалдыкты

Украинанын президенти Владимир Зеленский коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

«Дүйнөдө COVID-19 коркунуч жаратпаган эч бир адам жок. Бардык карантиндик чараларга карабай менин анализимден да коронавирус аныкталды. Дене табым 37,5 градус, баарыңыздарга 36,6 каалайм. Ошондой болсо да өзүмдү жакшы сезип жатам. Обочолонууда болом жана иштөөнү улантам деп сөз берем. Көпчүлүк COVID-19ду жеңип жатат. Мен дагы аны жеңем. Бардыгы жакшы болот», — деп жазган Зеленский

Украинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда 469 018 киши коронавируска чалдыккан.  Анын 209143ү айыгып, 8565 адам илдеттен көз жумган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>