Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Улуттук банк валюталар курсун жарыялады
07.07.2022 | 19:41
Улуттук банк чет элдик валютанын сомго карата курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланды.
Такталган маалыматтарга караганда, сом өнөктөш өлкөлөрдүн бардык негизги валюталарына, баарынан да АКШ долларына карата 3,62% төмөндөп, 82,375 сомду түздү. Ага чейин 3-июндан тарта 79,5 сом деңгээлинде өзгөрүүсүз калган. Доллар мындай өсүүгө акыркы жолу ушул жылдын май айынын аягында жакындаган.
Америка валютасынын артынан евро 3,2%га жогорулап, 84,0472 сомду түздү. Рубль жана теңге да тиешелүүлүгүнө жараша 2,62% жана 1,77%га өстү.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика