13 жашар кызды зордуктаган милиция кызматкерлери камакта

13 жашар кызды зордуктаган милиция кызматкерлери камакта

Президент Садыр Жапаровдун пресс катчысы Эрбол Султанбаев 13 жашар секелек кыз боюнча Фейсбуктагы баракчасына үн катты.

“13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз.
Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек.
Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт.

Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт!» -деди.

2021-жылдын сентябрь айынан үстүбүздөгү жылдын февраль айына чейин 13 жаштагы кыз колдон-колго өтүп зордукталып келген. Кыздын атасынын айтымында, эки милиция кызматкери, “Дордой” базарынын кароолчусу жана 20 жаштагы жигит «кулакчын уурдоого аракет кылдың, камаласың» деп коркутуп зордуктап жүрүшкөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>