Байсалов коронавирус инфекциясына каршы кошумча дозасын алды

Байсалов коронавирус инфекциясына каршы кошумча дозасын алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эмдөө бөлмөсүндө коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын кошумча дозасын алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов буга чейин үстүбүздөгү жылдын башында коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн кошумча дозасын алган. Учурда ал вакцинанын экинчи бустердик дозасын алууда.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн толук курсунан (2 доза) өткөн.

Маалымат үчүн: толук эмдөөдөн кийин адамдарда COVID-19дан коргонуунун жогорку деңгээли иштелип чыгат. Убакыттын өтүшү менен инфекциядан коргонуу начарлайт, бирок вакциналар оорунун күчөп кетүүсү, ооруканага кабылуу жана өлүм коркунучун азайтууда натыйжалуу болуп саналат.

Вакцинадан баштапкы коргонуу азая баштаганда, коргоону жогорулатуу үчүн вакцинанын кошумча дозасы талап кылынат, ал бустердик доза деп аталат. Бул кошумча доза адамды оорудан коргоо үчүн көбүрөөк антителолорду пайда кылат. Бустердик доза вакцинанын эффективдүүлүгүн жогорулатат жана коронавирустук инфекциянын жаңы штаммдарынан жакшыраак коргоону камсыздайт.

Министрлер кабинети эмдөө коронавирус инфекциясында жеке жана жамааттык иммунитетти түзүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы экенин эскертет. Мындан тышкары, эмдөө – жарандарды коронавирустун күчөп кетүүсүнөн жана зыяндуу кесепеттеринен коргоонун эң ишенимдүү жолу болуп саналат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>