Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
“Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, президенттин башка жарлыгына ылайык, Тиллебаев Болотбек Кочкорович УТРКнын башкы директору болуп дайындалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз