Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
УТРКнын башкы директору алмашты
09.03.2023 | 15:22
Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
“Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, президенттин башка жарлыгына ылайык, Тиллебаев Болотбек Кочкорович УТРКнын башкы директору болуп дайындалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом