Активист Адилет Балтабайдын иши Жогорку сотто каралат

Активист Адилет Балтабайдын иши Жогорку сотто каралат

Беш жылга эркинен ажыратылган активист Адилет Балтабайдин иши боюнча кассациялык арыз 14-мартта Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, соттук отурум саат 09:30га белгиленген.

Алар Жогорку сотко берген арызында Адилет Балтабайга чыккан мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, толук актап берүүнү суранган.

«Биз соттон Адилет Балтабайды толук актап берүүнү суранып жатабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн (ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн 2021-жылы кылмыш иши козголгон).

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Адилет Балтабай камалгандан кийин анын апасы президентка кайрылуу жасап, уулу күнөөсүз соттолгонун, ага карата иш боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранган.

Активист Адилет Балтабай 5 жылга эркинен ажыратылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>