2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты
Уулу 5,1 кг салмакта төрөлгөн үй-бүлөгө күбөлүк тапшырылды
22.06.2023 | 10:31
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Сатымкуловдордун үй-бүлөсүнө уулу Алимге туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырышты.
Аталган мекемеден билдиришкендей, ушул жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында жашаган жаш Сатымкуловдордун үй-бүлөсүндө салмагы 5 кг 130 грамм болгон тун уул төрөлгөн.
Статистикага ылайык, 2022-жылы республика боюнча жалпысынан 146 906 төрөт катталган, анын ичинен 1 742 баланын салмагы 5 килограммдан ашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом