Кыргызстанда былтыр кайсы кесиптин ээлери көп айлык алган?

Кыргызстанда былтыр кайсы кесиптин ээлери көп айлык алган?

Кыргызстанда 2022-жылдын экинчи чейрегинде айлык акы 2022-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 3%га төмөндөгөн. Бул туурасында HeadHunter жумуш боюнча жарыя берүүчү сайты маалымдаган.

Маалыматка караганда, бул анализ HeadHunter сайтында (headhunter.kg) жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансиялардын жана талапкерлердин резюмелеринин анализинин негизинде даярдалган.

Жумуш издеп жүргөн кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 34,6 миң сомду түзгөн.  Сайтта сунушталган орточо эмгек акы 10%га аз, 31 миң сомду түзөт.

Эң жогорку маяна төмөнкү кесипттерге туш келген:

— Риэлторлор, маалымат аналитиктери, брокерлер ж.б. Алардын орточо айлыгы 70 миң сомду түзөт.

— Маркшейдерлер, инженерлер, геологдор. Орточо айлык 60 миң сомдон жогору.

— IT-технологиялар сектору. Жаңы баштагандар үчүн орточо 35 000 сом, тажрыйбалуулар үчүн 140 000 сомдон жогору.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>