Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жетишкен ийгиликтерге бир да балбан кыз жете элек. Бул тууралуу United World Wrestling (UWW) дүйнөлүк күрөш уюму соцтармактагы баракчасында билдирди.
Кыргызстандын белгилүү спорчусу Айсулуу Тыныбекова 2013-жылдан бери Азия чемпионатынан байгесиз кайткан эмес: 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатына катышпаган жылды кошпогондо, Тыныбекова 2013-жылдан бери Азия биринчилигине 11 жолу катышкан. Ал 6 жолу Азия чемпиону атанып, 3 жолу күмүш жана 2 ирет коло байге уткан.
Ошондой эле Тыныбекова – Азия чемпионатында 6 ирет алтын уткан Азия чөлкөмүндөгү биринчи балбан кыз. Ал былтыр Бишкекте өткөн мелдеште Азиянын 6 жолку чемпиону атанган. Ага чейин япониялык Кёко Хамагути Азия чемпионатында көп алтын уткан балбан кыз болуп келген: ал – Азиянын 5 жолку чемпиону.
Эскерте кетсек, эртең, 25-мартта Иорданияда күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат. Бирок ага Тыныбекова катышпайт. Ал былтыркы Олимпиада оюндарынан кийин тыныгуу алган. Балбан кыз тыныгуудан кийин күрөшкө кайтып келерин айткан.
Айсулуу Тыныбекова кыл чайнашкан беттеште жеңишке жетип, Азиянын 6 жолку чемпиону болду (видео)