Кыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайыБишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт
ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн
24.03.2025 | 12:06
24-26-март күндөрү боло турган жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашуудагы жолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кар көчкү төмөнкү унаа жолдорго түшүүсү мүмкүн:
- Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
- Каракол – Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка – Акташ жолунун 1-2-чакырымдарында.
Бул күндөрү муз тоңуп, жолдор тайгак болот. ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом