Кыргызстанда «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусу ачылды2026-жылы КРСУну Казакстандын 56 жараны аяктады, алардын көбү болочок дарыгерлерЖыл башынан бери жайыттарда 109 мыйзам бузуу аныкталдыКыргызстан менен Евробиримдик айыл чарба продукциясын Европагаа чыгарууну кеңейтүүнү талкууладыАвтобус, поезд, мотоцикл: Бишкектен Ысык-Көлгө кантип жетсе болот?Салык кызматы Cold Brew суусундугун алып коюу боюнча түшүндүрмө берди
Салык кызматы “Бизнести агартуу кербенин” баштады (график)
24.03.2025 | 13:30
Салык кызматы чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн “Бизнести агартуу кербени – салык реформасынын чакырыктары” долбоорунун башталганын билдирди.
Иш-чара чакан жана орто бизнестин актуалдуу маселелерине арналат. Ошондой эле салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр жана салык реформасынын негизги аспектилери каралат.
Мындан сырткары долбоордун катышуучулары Салык кызматынын кызматкерлеринен жеке консультацияларды ала алышат.
Долбоор өлкө боюнча төмөнкү график боюнча өтөт:
- 25-мартта Жалал-Абад шаарында, Барпы атындагы кыргыз драма театрында (Эркиндик көч., 24/5), башталышы 10:00. Толук маалымат: 0778 253 038;
- 26-мартта Ош шаарында, ОшМУнун конференц-залында (2-кабат), башталышы 10:00. Толук маалымат: 0556 074 792;
- 27-мартта Баткен шаарында, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын конференц-залында (Т. Сыдыков көч., 1), башталышы 11:00. Толук маалымат: 0553 819 388;
- 1-апрелде Нарын шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0509 913 791;
- 3-апрелде Каракол шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0998 777 307;
- 8-апрелде Талас шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0556 766 667;
- 10-апрелде Токмок шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016;
- 15-апрелде Кара-Балта шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016;
- 16-апрелде Бишкек шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом