Бишкек абанын булганышы боюнча 46-орунду ээледиБакыт Төрөбаев Азербайжанда кеме куруу жана мунай продуктыларын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүМаксым ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын катарына кирдиТурак жай салыгын эми сиз үчүн эсептеп беришет. МСК автоматтык эсептөөгө өтүп, жарандардан документтерди текшерүүнү сурануудаБШК парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бекитти. Жогорку Кеңешке 87 депутат шайландыУлуттук банк банктардын капиталына болгон талапты 5 эсеге жогорулатууну көздөөдө
“Вефа” соода борборундагы өрт өчүрүлдү
19.07.2022 | 15:33
Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан “Вефа” соода борборундагы өрт толугу менен өчүрүлдү.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, соода борбордун үчүнчү кабатындагы “Хузур” кафесинин 15 чарчы метр желдеткичи жана балдар ойной турган аянтчасы күйгөн.
“Өрт саат 14:13тө чектөөгө алынып, саат 14:46да толугу менен өчүрүлдү. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. ӨКМ адистеринин жардамы менен борбордогу адамдар коопсуз жайга эвакуацияланган”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин күбөлөр “Вефа” соода борбору өрттөнүп жатканын билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом