Бишкекте эки мектептин курулуш иштеринин сапаты текшерилди

Бишкекте эки мектептин курулуш иштеринин сапаты текшерилди

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев 16-июлда Арча-Бешик жаңы конушундагы  мектептин жана №61 мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган ведомсвтонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи кезекте Н.Джетыбаев №61 мектептин кошумча окуу корпусунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 375 орундуу долбоордун кубаттуулугу бар объекттин сметалык наркы 917 миң 176 АКШ долларын түзөт. Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт.

Андан соң, Мамкурулуштун директору Арча-Бешик жаңы конушундагы мектептин курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул мектеп 500 окуучулук орунга эсептелген, бул калктуу конушта 1000ден ашык окуучуну окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, бул объекттин сметалык наркы 1 млн 230 миң 986 АКШ долларын түзөт. Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт.

Инспекциянын жыйынтыгы боюнча директор тарабынан курулуш темпин тездетүү, болгон кемчиликтерди жоюу жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына контролду күчөтүү тапшырмалары берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>