Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Бишкек абанын булганышы боюнча 46-орунду ээледи
10.12.2025 | 19:00
10-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 46-сапка жайгашты.

Учурдагы AQI индекси 74 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «орточо» деп саналат.
Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштамалар
- Көрсөткүчтөр «Жакшы» (0-50) болгондо, сыртта ээн-эркин убакыт өткөрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезимтал адамдарга көчөдө көпкө жүрбөө сунушталат.
- Ал эми «Ден соолукка зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлде — сыртта жүрүү убактысын чектөө, «Абдан зыяндуу» (150-249) учурда — үйдө калуу, ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде — кыска убакытка болсо да көчөгө чыкпоо керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом