Жүк ташуучу унаа электр линиясын үзүп кеткен: Бишкекте жарык эмнеге өчкөнү айтылдыШашылыш билдирүү! Айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталуудаУнаадан селге секирген: Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүм изделүүдөПрезидент Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун «коррупциянын символу» деп атадыБишкекте эки жер үстүндөгү жөө өтмөктүн техникалык ачылышы болдуЫсык-Көлдөгү селден бир адам каза болуп, экинчиси изделүүдө
“Вефа” соода борборундагы өрт өчүрүлдү
19.07.2022 | 15:33
Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан “Вефа” соода борборундагы өрт толугу менен өчүрүлдү.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, соода борбордун үчүнчү кабатындагы “Хузур” кафесинин 15 чарчы метр желдеткичи жана балдар ойной турган аянтчасы күйгөн.
“Өрт саат 14:13тө чектөөгө алынып, саат 14:46да толугу менен өчүрүлдү. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. ӨКМ адистеринин жардамы менен борбордогу адамдар коопсуз жайга эвакуацияланган”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин күбөлөр “Вефа” соода борбору өрттөнүп жатканын билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом