Вьетнам расмий түрдө БРИКСтин өнөктөш өлкөсү болду

Вьетнам расмий түрдө БРИКСтин өнөктөш өлкөсү болду

Вьетнам БРИКСке өнөктөш өлкө макамында кошулду. Бул маалыматты Вьетнамдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана басма сөз департаментинин директору Фам Тху Ханг тастыктады.

Анын айтымында, жаңы макамда Ханой өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ролун күчөтүүгө жана эл аралык укукка негизделген инклюзивдүү көп тараптуу мамилени алга жылдырууга ниеттенүүдө. «Вьетнамдын БРИКСтин өнөктөш өлкөсү болгону, өлкөнүн көз карандысыздыкка жана көп тараптуулукка багытталган ырааттуу тышкы саясатын ырастайт», — деп баса белгиледи ТИМдин өкүлү.

Вьетнам бирикменин онунчу өнөктөш өлкөсү болуп калды. БРИКСке төрагалык кылып жаткан Бразилиянын ТИМинде Вьетнамдын Азиядагы маанилүү ролун белгилешип, анын дээрлик 100 миллион калкын жана динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасын баса белгилешти.

Учурда БРИКСке 10 өлкө кирет: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, ТАР, БАЭ, Иран, Эфиопия, Египет жана Индонезия.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>