Ысык-Көлдө бир нече бодо малдарды уурдаган. Шектүү кармалды

Ысык-Көл облусунун аймагында бодо малдарды уурдоого шектелип, 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Каракол шаарынын тургуну кайрылып, 16-ноябрдын түнү сарайынан эки күрөң уюн уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген зыян 240 миң сомду түзгөн.
Ошол эле күнү милицияга дагы бир жаран арыз менен кайрылып, Каракол шаарындагы үйүнүн алдынан эки тайын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айткан. Келтирилген материалдык чыгым 160 миң сом деп көрсөтүлгөн.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Мал уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында эртеси күнү, 17-ноябрда, уурдалган мал Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынан табылган.
Ал эми 8-декабрда жогорудагы малдарды уурдоого шектелип, 29 жаштагы А.Р. аттуу жаран Чүйдүн Сокулук районунун аймагында кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Алдын ала суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.