УКМК кызматкеримин деп, 17 миң долларга алдаган: Бишкекте шектүү жаран кармалдыКыргызстан тоолуу өлкөлөр үчүн COP31де эл аралык программа сунуштадыПрезиденттикке талапкерлер: Садыр Жапаров кол тамгалардын саны боюнча лидерБактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз бердиЖогорку Кеңеште Ала-Арчадагы трагедиядан кийин ӨКМдин ишин текшерүү талап кылындыЖогорку Кеңеште 120 жаш адис депутаттардын коомдук жардамчысы болот
2025-2026-окуу жылына ЖОЖдорго кышкы кабыл алууга конкурстук тандоо 23-декабрда башталат
11.12.2025 | 17:42
2025-2026 окуу жылына карата жогорку окуу жайларына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди кышкы кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо 23-декабрда башталат. Бул тууралуу Абитуриент оnline сайтында кабарланды.
Тандоо төрт тур менен өтөт.
- 1-тур:
- Башталышы – 23-декабрь (2025) саат 09:00;
- Аякташы – 25-декабрь саат 14:00.
- 2-тур:
- Башталышы – 12-январь (2026) саат 09:00;
- Аякташы – 14-январь саат 14:00.
- 3-тур:
- Башталышы – 19-январь саат 09:00;
- Аякташы – 21-январь саат 14:00.
- 4-тур:
- Башталышы – 26-январь саат 09:00;
- Аякташы – 28-январь саат 14:00.
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алууда толбой калган контрактык орундарга гана тандоо үчүн жүргүзүлөт. Быйылкы жылдын жайындагы ЖРТнын жыйынтыктары бул сынакка катышуу үчүн жарактуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим