Ысык-Көлдө быйыл жазында Чек ара кызматына аскерге чакырылган жоокер аскер бөлүгөнөн качып кеткен. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жоокер 1-апрелде №2028 аскер бөлүгүнөн качып кетип, 2-апрелде табылган. Жоокер аскер бөлүгүнө алынып келип, ал менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
«Аскер бөлүгүнөн уруксатсыз кетип калуу фактысы боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Белгилүү болгондой, жоокер ата-энесин сагынып, тартипке көнө албагандыктан аскер бөлүгүнөн качканын айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз